Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 6
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 4-сессиясында депутаттардын сунушу менен Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын компенсациясын төлөө максатында Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасына ар бир өтүлгөн сессияга жана кезексиз сессияга 1500 миң сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Каралган акча каражаты квартал сайын өз убагында төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башкы бухгалтердин убактылуу милдетин аткаруучу А. Мамышевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |