Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 3
Чек айылынын тургуну Атабаев Алибектин арызын кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну Атабаев Алибектин жайыт пайдалануу боюнча талаш маселени чечип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Дара айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылынын тургуну Атабаев Алибектин арызындагы жайыт пайдалануу боюнча талаш маселени чечип берүү жайыт комитетинин төрагасы К. Нуридиновго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж. Бабаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |