Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 5
Сары Талаа айылынын жалпы элдик жыйынынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги протоколун кароо жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Сары Талаа айылынын борбордук көчөсүнө Сары Талаа айылынын тургуну Үсөнов Төлөмүштүн ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Сары Талаа айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколун карап жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХХХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Сары Талаа айылынын борбордук көчөсүнө Үсөнөв Төлөмүштүн ысымы коюлсун.
2. Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси М. Зайниевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж. Бабаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |