Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 3
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-кварталындагы аткарылышынын абалы жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылдын 1-кварталындагы аткарылышынын абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-кварталындагы аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |