Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 5
Жаны-Жер айылына трансформатор куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловдун айыл өкмөтүнө инвестиция тартуу жолу менен курула турган социалдык курулуштарды колдоого каралган 442,0 миң сом акча каражатынан Жаңы-Жер айылына курула турган трансформатор үчүн 180,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылына трансформатор куруу учун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 180,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |