Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 3
2015-жылга теңдештирүүчү гранттан каралган электро энергия үчүн 1161,6 миң сом акчаны көмүрдү сатып алууга которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун айыл өкмөтүнүн орто мектептерине теңдештирүүчү гранттан каралган электро энергия үчүн 933,0 сомду, башталгыч мектептердин электро энергия үчүн 196,7 миң сомду жана балдар бакчасы үчүн электро энергияга каралган 31,9 миң сомду, көмүр сатып алууга которуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн орто мектептер үчүн электро энергияга каралган 933,0 миң сом, башталгыч мектептерге - 196,7 миң сом, балдар бакчасына – 31,9 каралган акча каражаты, айыл өкмөтү боюнча электро энергияга теңдештирүүчү гранттан каралган 1161,6 миң сом, көмүр сатып алуу үчүн 22241100 баскычына 1161,6 миң сом акча каражаты которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |