Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 5
2015-жылга материал сатып алуу үчүн 22221100 баскычына долбоорлорду колдоо үчүн каралган 442,0 миң сом акча каражаты бөлүштүрүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун айыл өкмөтүнө инвестиция тартуу жолу менен курула турган социалдык курулуштарды колдоого каралган 442,0 миң сом акча каражатынан Чек айылына тартылган интернет үчүн 50,1 миң сом акча каражаты бөлүштүрүү үчүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында курула турган социалдык курулуштарды колдоого каралган 442,1 миң сом акча каражатынан 50,1 миң сом акча каражаты Чек айылына Кыргызтелеком аркылуу тартылган интернет үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |