Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 7
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылына жамааттык балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылына бала бакча ачуу жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун билдирүүсүн депутаттардын арасында кеңири талкуулап, Дара айылды кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVI сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки балдарга терең билим жана татыктуу тарбия берүү, балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү, ден соолугун чындоо максатында Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылына жамааттык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловго тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |