Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 1
Дара айыл өкмөтүнүн социалдыкбөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен тыгыз байланышта иштөө, аларга айыл өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүү учун такай иш алып баруу айыл өкмөтүнүн соц адиси М.Самидинова жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык жана маданий иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |