Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 5
Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-айылыгынын жыйынтыгы менен кээ бир статьяларда иштелбей калган акча каражаттарын башка статьяларга которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловдун 2015-жылдын 9-айылыгынын жыйынтыгы менен кээ бир статьялар иштелбей калган акча каражаттарын башка статьяларга которуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 9-бөлүмүнүн башталгыч мектептеринин 22154900 – товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү статьясынын 15,0 миң сом 22211100- Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясынан 70,0 миң сом жана орто мектептеринин 22211100-Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясынан 20,0 миң сом акча бардыгы болуп 105,0 миң сом акча каражаты 9-бөлүмдун бала бакчасынын 22221200- учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материлдарды сатып алуу статьясына которулсун.
2. 8-бөлүмдүн Клубдар бөлүмүнүн 22111100 – кызматтык сапар чыгымы статьясынан 20 мин акча китепканалар бөлүмүнүн 22111100-кызматтык сапар чыгымы статьясынан 20,0 миң сом акча бардыгы болуп 40,0 миң сом акча каражаты Аппарат 1-бөлүмдүн 22154900 – товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен башка кызмат көрсөтүү статьясына которулсун.
3. 1-бөлүмдүн 22141200 – автоунаанын запастык бөлүктөр статьясынан 70,0 миң сом акча 1-бөлүмдүн 22154900 – акы алып көрсөтүү ар түрдүү чыгымдар статьясына которулсун.
4. 1-бөлүмдүн 22111100 – кызматтык иш чыгымы статьясынан 20,0 миң сом акча 22154900 – товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү статьясына дезинфекция жасоочу лампага которулуп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мажилимов |