Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-ноябры № 4
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине экинчи жарым жылдыгына Тоо-кен иштетүүчүү компаниялардан ФИЛИАЛ АК “MERIT MORE INVTSTMTTNTS UMTED” ОсОО “ГОРНАЯ ИНВЕСТИЦ КОМПАНИЯ” “КАЙДИ” ОсОО САН ЦИН ЧУАН СПАРКЛЕР МАЙНИНГ ИНК жана Бакиров Равшанбектерден келип түшкөн киреше 3353927 (үч миллион үч жүз элүү үч миң тогуз жүз жыйырма жети) сом кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине ФИЛИАЛ АК “MERIT MORE INVTSTMTTNTS UMTED” ОсОО “ГОРНАЯ ИНВЕСТИЦ КОМПАНИЯ” “КАЙДИ” ОсОО САН ЦИН ЧУАН СПАРКЛЕР МАЙНИНГ ИНК жана Бакиров Равшанбектерден жылдын экинчи жарымында кошумча келип түшкөн киреше акча каражаттарын Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы өнүгүү программасындагы пландаштырылып бирок акча каражатынын жетишсиздигинен бүтпөй жаткан соц.объектилерге бөлүштүрүү жана элдерден келип түшкөн көйгөйлүү маселелерди аткаруу максатында Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун билдирүүсүн жана сунушун угуп жана талкуулап Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 14151200 Жер казынасынан пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы төлөө киреше булагынан түшкөн кошумча 3 353 927 (үч миллион үч жүз элүү үч миң тогуз жүз жыйырма жети) сом акча каражаты киреше бөлүгүнө кириштелсин.
2. Аппарат бөлүмүнө 70111
22154900 Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланыштуу чыгашалар келишим менен дагы кызматтарга акы төлөө чыгаша бөлүгүнө 430 000 (төрт жүз отуз миң) сом.
22211100 Имараттарды жана учурдагы оңдоого 177 500 (бир жүз жетимиш жети миң беш жүз) сом
31112290 Башка имараттарды алуу жана курууга 256 598 ( эки жүз элүү алты миң беш жүз токсон сегиз) сом,
Орто мектептер бөлүмүнө 709
22221100 Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу 20300 ( жыйырма миң үч жүз) сом ,
Бала бакча бөлүмүнө 709
22211100 Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого 2 008 500 (эки миллион сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А. Мажилимов |