Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жыолдын 18-декабры № 4
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылына караштуу Жаңы-Конуш айылына трансформатор орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М.Момбековдун билдирүүсү жана Жаңы-Жер айылынын тургундарынын арыздарын угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын Жаңы-Конуш айылына трансформатор орнотуу үчүн электр зымдарын алууга 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Зайналовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Мажилимов |