Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 5
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылына караштуу Жаштык жаңы конушуна трансформатор орнотуу үчүн акча каражатын болуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Жаштык жаңы конушунун тургундарынан түшкөн арызды талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Жаштык жаңы конушуна трансформатор орнотуу үчүн кошумча мамычалар, электр өткөрүүчү зымдарын алуу үчүн 30 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Зайналовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Мажилимов |