Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декаьры № 6
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылына жакын жердеги № 147-контурдагы 3,10 га өрүк багы боюнча жер адисинин м.а С.Дыйкановдун билдирүүсү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылына жакын жердеги № 147-контурдагы өрүктөр боюнча жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсү жана Жаңы-Жер айылынын тургундарынын арыздарын угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылына жакын жердеги № 147-контурдагы 3,10 га өрүк багын калыбына келтирүү максатында, ижара ээлерине куурап, түшүм бербей калган өрүк бактарын кесип, ордуна жаңы жаш көчөт тигүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара ээлерине жаңыдан тигилген көчөттөрдү карап, берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
Төрага | А. Мажилимов |