Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 34
“Энильчек-2” жериндеги Теплоключенка айылдык аймагына караштуу 5,6 га жер тилкесинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө “Зафар Тоо” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берүү жөнүндө
Муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 20 протоколунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Энильчек-2 жериндеги Теплоключенка айылдык аймагына караштуу 5,6 га жер тилкесинде пайдалуу алтын кендерин чалгындоо иштерин жүргүзүүгө “Зафар Тоо” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берилсин.
2. Чалгындоо иштери бүткөндөн кийин жер участогун рекультивациялоо “Зафар Тоо” ЖЧКна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Эралиевке милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |