Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну №35
Ак-Суу өрөөнүндө жайгашкан токойчулуктун аймагындагы Алтын Арашан, курорт Ак-Суу, Алмалуу, Красулин коктуларында жайгашкан эс алуу жайларын таза кармоо, таза эс алуу жайын түзүү максатында санитардык тосмо орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 30-майындагы протоколунун чечимин талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу өрөөнүндө жайгашкан токойчулуктун аймагындагы Алтын Арашан, курорт Ак-Суу, Алмалуу, Красулин коктуларында жайгашкан эс алуу жайларын таза кармоо, таза бөлүмчө (обход) таза эс алуу жайын түзүү максатында жана токойчулуктун аймагына кирип-чыгып жаткан автоунааларды ирээтке келтирүү, токойлордо өрт коопсуздугун алдын алуу, туристтер үчүн жасалган токой ордолорду, белги коюлган жерлерди гана пайдалануусун камсыздоо максатында санитардык тосмо орнотууга макулдук берилсин.
2. Айыл аймагынын тургундарына эс алуу жайларга кирүүгө, жайыттарга мал айдап өтүүгө тоскоолдук түзүлбөсүн, акча алынбасын..
3. Түшкөң акча каражаттарынын эсебинен жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо Ак-Суу токойчулугу милдеттендирилсин.
4. Мектептерде, балдар үйүндө көчөткана уюштуруп, экологиялык сааттарды, класстарды түзүп, окутуу сунушталсын.
5. Соц.объектилерге , жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандырууга көчөттөдү ар жылы 10 (он) даана бекер берүү жагы суралсын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |