Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну №37
Айыл аймагынын алма бактын жана кайрак жерлеринин ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 7-июнундагы протоколунун чечимин талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы алма бактын ижара акысынын баштапкы баасы 1 га жылына 500 (беш жүз) сом жана кайрак жерлеринин 1га ижара акысы жылына 1000 (бир миң) сом болуп бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |