Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 28/27-8
Аксакалдар соту жана кварталдык комитеттер жөнүндө
Коомдук уюмдардын ишин жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотуна жана Чолпон-Ата шаарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларына материалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү максатында 2016-жылдын бюджетинен 160000 (жүз алтымыш миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Чолпон-Ата шаарынын тургундары боюнча так маалыматтарды топтоо, жаңы чарба китептерин түзүү иштерин кварталдык комитет- тер менен биргеликте алып баруу жагы, Чолпон-Ата шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Иманбеков |