Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 4
БАВАШ СПАсынын суу пайдалануучуларынын акы Төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылында өткөрүлгөн жалпы чогулуштун протоколунун негизинде Баваш СПАсынын суу пайдалануучуларынын акы төлөмдөрүн бекитүү боюнча депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Баваш Спасынын суу пайдалануучуларынын акы төлөмдөрү төмөнкудөй өлчөмдө бекитилсин.
- Айдоо жер 1,0 га жер аянты үчүн -1500 сом;
- 1,0 га жүзүм бактары үчүн - 1000 сом;
- 1,0 га орук бактар үчүн - 1000 сом
- 1,0 га жаш көчөттөр үчүн - 1200 сом;
- 1,0 га өзү өздөштүргөн көп жылдык бактарга - 1000 сом;
2. Токтомду аткаруу жагы Баваш СПАсына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыТөрт-Гүл айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |