Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 6
Зарташ айылынын туштук чыгыш тарабындагы эски жер семирткичтерди сактоочу кампа турган 0,03 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылындагы мурдагы эски кампанын турган 0,03 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын кезектегиXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылындагы мурдагы эски кампа турган 0,03 га курулуш астындагы жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыжер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |