Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 7
Ак-Турпак айылына балык чарбасын өндурүү боюнча ижарага 0,60 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
ГИПРОЗЕМдин 2015-жылдын 13-июлундагы № 01-7/42 каты, Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2015-жылдын 16-июлундагы 01-12/701 катынын жана Баткен райондук суучарба башкармасынын 2016-жылдын 18-январындагы № 06-01-04 катынын негизинде Ак-Турпак айылына балык чарбасын өндүрүү боюнча депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын кезектегиXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айылынын туштук чыгыш тарабынан балык остуруу боюнча 0,60 га жер аянты Ак-Турпак айылынын тургуну Чотонов Шабданбекке келишимдин негизинде 5-жылдык мөөнөт менен ижарага берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | М. Жалалов |