Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 8
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XXI сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы 184 сандуу токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы 743 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун, юридикалык күчүн камсыз кылуу максатында Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы мамлекеттик тилде өткөрүлүп, токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук депутаттык статус этика билим, маданият жана координациялык кеңеш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Жалалов |