Редакцияот 21.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин кезексиз (V чакырылышынын) XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 21-январы № XXVII-1

Найман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-февралындагы № Х1-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кек Жар айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Тайгараева Айгул Төлөновнанын арызынын негизинде. Найман айылынын Батыш тарабындагы сайдын ичинен кум-таштарды майдалап,элге керектелүүчү курулуш материалдарын иштеп чыгаруу максатында алынган 34,53 га жерди Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-статьясынын 18-пунктунун негизинде «Аман- Ата» ЖЧК сына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Тайгараева Айгул Теленовна Найман айылынын батыш тарабындагы сайдын ичиндеги айыл чарбасына ынгайсыз болгон таштак жерден берилген 34,53га (анын ичинен 0,53га жер асфальт-бетонзавод, ЖБИ завод,дробилка курууга) жер аянтын «Аман -Ата» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-статьясынын 18-пунктунун негизинде убактылуу пайдалануу үчүн ижарага ажыратылып берилсин.

2. Лицензияга негиз ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Лицензияга жана ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын

 

Төрага

Ш. Эрматов