Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-февралы № XI-4
Көк- Жар айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Тайгараева Айгүл Төлөновнага Найман айыл аймагынын батыш тарабынан элге керектелүүчү курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу таш майдалоочу цех куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Көк- Жар айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Тайгараева Айгүл Төлөновнанын Найман айыл аймагынын батыш тарабындагы сайдын ичиндеги кум-таштарды майдалап, элге керектелүүчү курулуш материалдын иштеп чыгаруу максатында,ошол сайдын ичине таш майдалоочу цех куруу үчүн дробилка орнотууга жана кум-таш карьерин ачууга жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1 жана 32-4 статьяларына таянып Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын тургуну жеке ишкер Тайгараева Айгүл Төлөновнага Найман айылынын батыш тарабындагы сайдын ичиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз болгон, таштак жерден таш майдалоочу цехин орнотуу жана кум-таш карьери үчүн 34,53 га жер аянты убактылуу пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтына Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстар Министрлигинен лицензия алып келүү жагы жеке ишкер А.Тайгараевага милдеттендирилсин.
3. Лицензияга негиз ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Лицензияга жана ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
Төрага | Ш. Эрматов |