Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы№ XXVIII-1
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жыл ичинде аткарган иштерин баалоо жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
Тиркеме
МААЛЫМАТЫ
2015-жыл былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы жылдардан болду десек жаңылышпайбыз, анткениайыл өкмөтүбүздө алдыга карай өнүгүү,элибиздетынчтык, ынтымакчылык, токчулук жана жакшы ийгиликтер коштогон жыл болду.
Кыргыз Республикасынын Президенти “2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ № 237 Жарлыгынишкеашыруумаксатында, Найман айыл өкмөтүндө 2015 -жылдын 14-апрелинде № 29буйрук иштелип чыгып, иш-чаралардын планы түзүлүп, булбагытта жумуштар аткарууга алынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн “2015-жыл Ошо блусунда экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2015-жылдын 2-апрелинде № 26 буйрукжанаиш-чаралардын планы иштелип чыгып, жумуштараткарылды. Ошондойэле, Ноокат районун аймагында “ 2015- жылды өнөр жай өндүрүшүн күчөтүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө 2015-жылдын6-февралындагы№ 20-б буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2015-жылдын 11-февралында № 8 буйругун жана иш-чаралардын планын иштепчыгып, бул багытта жыл бою жумуштар аткарылды.
Найман айыл өкмөтүндө жалпы 2015-жылда 381 кожолук,2004 адам катталган.
2015-жыл ичинде жалпы киреше бөлүгүбүз 1876,0 миң сомакчакаражатынтүздү, алэмиреспубликалык бюджеттен электр энергиясына 200,0 миң сом акча каражаты жана теңдештирүүчү гранттан 4553,4 миң сом акча каражаты берилип, жалпы 6629,4 сом акча каражаты Найман айыл өкмөтүнүнбюджетинтүздү.Аныничинен 720,0 миң сом акча каражаты балабакчалардын ата-энелер фондунун акчасы (род.взнос), балабакчасына өткөрүлүп берилет жана алар балабакчанын керектөөлөрүнө жумшашат. Алэми 1412,2 мин сом акча каражаты Найманайыл өкмөтүндөгү аппарат кызматкерлеринин жана маданият үйүндө иштеп жаткан кызматкерлердин айлыка кыларына жумшалат.
Найман айыл аймагында өнөр жай ишканаларын көбөйтүү максатында иштер алып барылууда.Найман айылынын Батыш көчөсүндө АБЗ заводун куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилип, заводдун курулуу жумуштары жүргүзүлүп, аяктады жана завод ишке берилди. 2016-жылда толугу менен ишке кирип айыл өкмөтүнүн бюджетинин жогорулашына түрткү болот деген үмүттөр бар.Ал эми ЖБИ заводу экономикалык кризистин айынан убактылуу иштебей турду.Заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, 2016-жылга пайда түшүрүүчү булактар ж.б пландар айтылып, азыркы убакта 700,0 миң сом акча каражатына АБЗ завод жана 950,0 миң сом акча каражатына ЖБИ заводунун столб чыгаруучу жаңы тетиктери алынып келинип, курулууга даяр турат.Ал эми заводду март айынан ишке киришүүсүн белгилеп кетсек болот.
Найман айылында 2015-жылда жеке ишкер А.Сатыбалдыевдин демилгеси менен мебель куруучу цех ачылып, элдердин керектөөлөрүнө ылайык эмеректерди жасап чыгарышууда.Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелерине келишимдин негизинде мектеп эмеректерин да жасап берди.
Найман айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында айылдын ортосунан орун алган парктын тосмолорун кайрадан оңдоо үчүн 120,0 миң сом акча каражаты ажыратылып, тосмолор жаңыланды.
Айыл өкмөттүн алдын стяжкалоо үчүн 45,0 миң сом акча каражаты ажыратылып, жаңы түшкөн АБЗ заводунун колдоосу менен асфальт басылып бүткөрүлдү.
Ошондой эле, кичи базар куруу үчүн 122,1 миң сом,
жаңы аялдама курууга 25, 2 миң сом акча каражаты жана
музыкалык мектептин айланасын жаңыдан тосмо менен тосуу үчүн 63,7 миң сом акча каражаты ,
Кыргызстан көчөсүнө балдар ойноочу аянчаны оңдоо 54,3 мин сом акча каражаты ажыратылып, жумуштар аткарылды.Ал эми ушул жалпы аткарыла турган иштерди документтештирүү иштерине миң сом акча каражаты келишимдердин негизинде котрулуп берилди. Эн белгилеп кетүүчү документтер айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык обьектилеринин мамлекеттик актыларын алуу болду. Ал үчүн Ноокат райондук мамлекеттик каттоо ишканасы менен келишимдин негизинде 39,6 миң сом акча каражатын которуп берип, мамлекеттик акттар алынды.Документтештирүү жумуштарына жалпы:
-архитектурага -66 692 сом
-гос.регистрге -39,5 сом
-долбоор борборуна – 65 000 сом
- Ошэлектро ишканасына – 20,0 сом акча каражаты которулуп берилип, жумуштар аткарылды.
Жыл башында бардык көчөлөрмененжыйындарөткөрүлүп, көчөлөрдөгү эң приаритеттүү деген көйгөйлөр такталып, аткарууга алуу боюнча иш чаралар түзүлдү. Көчө комитеттеринин жардамында ар апта сайын ишембиликтер өткөрүлүп, айылдынайлана-чөйрөсү, каналдардын ичи тазаланды.Көчөлөрдө актап, сырдоо иштери жылдагыдай жүргүзүлдү. Жаз айларынын келиши менен Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралында № 14 буйругу иштелип, айлана-чөйрөнүкөрктөндүрүүжанажашылдандыруунун 3 айлыгыжарыяланып, иш-чаралардын планы түзүлүп, аныннегизиндеиштералыпбарылды.Ноокат токой чарбасы ишканасы менен биргеликте келишим түзүп, анын негизинде 348 түп , жалпы суммасы 69792 сомдук көчөттөр алынып келинип, көчөкомитеттеринин жана окуучулардынжардамындакөчөттөрэгилди.Эгилген көчөттөрдүн 50 пайызын көктөтүп алып калууга жетиштик.Найман айылында жайгашкан А.Сатыбалдыев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын демилгеси менен “Найман” суу сактагычына 50 түп гилас, орүк, шабдалы көчөттөрү , суу сактагычка баруучу жолдун четине 150 түп кайрагач, мекеменин канторасынын аймагына 16 түп карагай көчөттөрү тигилди. “Т.Базаров” атындагы айланма каналынын жээгиндеги жолдун 1 км бөлүгүнө шагал төгүлүп, тегизделди.
Улуу Тоо айылындагы 50 га кайрак жерлер толугу менен ижарага берилип, быйылкы жылы жазгы буудай, арпа себилип, түшүмбылтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогоруболду, ошондо 50 гажераянтынан 60 тонна түшүмалынды.
Ошондой эле, элдин көйгөйлөрүнүн бири болгон жол маселесинде Улуу Тоо айылына 70,0 миң сомдук шагал менен төшөлүп, сүрүүиштерижүргүзүлдү.
Найман айыл өкмөтүндөбир маданият үйүжанабиркитепканабар, анда 3 маданияткызматкерлерижана 2 техникалыккызматкерлерэмгектенип келет.2015-жыл ичинде эки этаждуу бала бакчасында турган китепкана маданият үйүнүн имаратына толугу менен жылдырылды.Китепканада китеп фонду бар.Көпчүлүк китептер орус тилинде болгондуктан , кыргыз тилиндеги китептердин санын көбөйтүү колго алынууда жана 2016-жылга интернет аркылуу электрондук китепканага уланууга шарттар түзүлүп жатат.
Маданият үйүнүн алдындагы отургучтарын оңдоп, жарыктандыруу коюу максатында 95,2 миң сом акча каражаты ажыратылып,жумуштар аткарылды. Ошондой эле, өрт коопсуздугунан сактоо максатында 16,0 миң сом акча каражатына өрт өчүрүүчү жабдуудулардан бир комплект алып келинип, орнотулду. Ал эми маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө проекттин өздүк салымы үчүн каралган 250,0 миң сом акча каражаты проектин өтпөй калгандыгына байланыштуу, калдык акча болуп калды.Буйруса, 2016-жылы маданият үйүн толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү проектин негизинде колго алынат.
Найман айыл өкмөтүндө иштеп жаткан «Найман» балдар бакчасында 2015-жылда жалпы 17 тарбиячы жана техникалык кызматкерлер эмгектенип, 120 бала тарбияланып, ар бир баланын тамактанышына бюджеттин эсебинен 10 сомдон ажыратылып, 304,8 миң сом акча каражаты бир жылына ажыратылып берилди.Ал эми ремонту үчүн 45,0 миң сомакчакаражатыбөлүнүпберилип, үстүртөнремонтиштерижүргүзүлдү. “Найман” балдар бакчасына инвентарь алуу үчүнбюджеттинэсебинен20000 сомакчакаражатажыратылып ,эки ярустуу керебеттер жасатылып берилди. Бала бакчанын электр энергиясына 91,4 миң сом акча каражаты жана кыш мезгилине көмүрмененкамсызкылууүчүн 60,0 миң сомакчакаражаты жана электр энергия боюнча счетчиги алмаштырылып, электр энергиясынын наряд подключениесине алуу үчүн 6,0 миң сомакчакаражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып өткөрүлдү.Эки балдар бакчасына мамлекеттик акт даярдатуу үчүн 20 ,0 миң сом акча каржаты жана архитектуралык жумуштарына 20,0 миң сом акча каражаты ажыратылып, жумуштар аткарылды. Эки этаждуу чон имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүүчүн быйыл да түрткү берүүчү грантка проект жазылып жөнөтүлдү,бирокдокументтердин так эместигинен проект өтпөй калды. Эми проектини бейөкмөт ж.б уюмдарга сунуштап жатабыз.
«Найман» орто мектебинде 2015-жылда 27 мугалим, 15 техникалык кызматкерлер эмгектенет жана 346 окуучу билим алат. “Найман” орто мектебинин үстүртөнремонтуүчүн 2015-жылда108,5 миңсомакчакаражатыбөлүнүпберилип, ремонтиштерижүргүзүлдү.Мектептинайлана-чөйрөсүнтазалоо иштери жаз алдында мугалимдердин жана окуучулардын жардамында аткарылды.”Найман” орто мектебинин 1-4-класстарына БүткүлДүйнөлүказык-түлүк уюму жана ата-энелердин жардамында ыссык тамак 2013-жылдын сентябрь айынан берилип келет. 2015-жылда таза суу менен камсыздоо жана канализациясын кайрадан оңдоо жумуштарына 20,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилип, жумуштар аткарылып, бүткөрүлдү.Класстардын парта,отургуч жана шкафтарын жаңылоо максатында 180,0 миң сом акча каражаты ажыратылып, 3 класстын парта, стул, шкафтары толугу менен жаңыланды. Мугалимдердин каанасына диван алып берүү максатындажергиликтүүбюджеттен 23,0 миң сомакчакаражатыажыратылып, алынып келинди.Мектептин трансформаторуна 11500 сом акча каражаты ажыратылып, транформатордун тетиктери сатып алыны, коюлду. Электр энергиясынын наряд подключение, граница раздел ж.б алууүчүн 6,0сомакчакаражатыбөлүнүпберилди.
“Кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы суициддин алдын алуу” “Дин маселелери ” темасында “Найман” орто мектебинин мугалимдер жамааты, окуучулар, алардын ата-энелери, имам, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, аялдаркеңеши, участкалыкмилицияА.Шермурзаев, Э.Жороевдердинжанаайылөкмөткызматкерлери менен биргеликте чоңжалпыжыйынөткөрүлүп,окуучуларгажогоркудеңгээлдетүшүндүрүүиштерижүргүзүлдү. Ошондой эле, ар түрдүүсеминар,конкурстар( тамашшоу,) айылөкмөтүнүнкаржылоосумененөткөрүлдү. 2015-жылда ЮНИСЕФтин “Мектеп-келечекке жаркын жол”долбоорунун негизинде Найман айылындагы 3 аз камсыз болгон үй-бүлөгө кийим тигүүчү машиналар сатып берилди. Азыркы күндө алар үй-бүлөлүк дараметин жогорулатуу максатында пайдаланышууда.
Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылында “Улуу Тоо» толук эмес орто мектеби бар.Анда 9 мугалим, 5 техникалык кызматкер эмгектенип, 54 окуучу билим алат. Класстардын парта,отургуч жана шкафтарын жаңылоо максатында 42,0 миң сом акча каражаты ажыратылып, жасатылып, орнотулду. Мугалимдер каанасына стол алып берүү максатында жергиликтүүбюджеттен 6 000 сом акча каражаты ажыратылып, 2 стол алынып келинди.Мектепке энергопаспорт алуу үчүн 3000 сомакчакаражатыажыратылыпберилди. Мектептин ремонтуна 30400 сом акча каражаты бөлүнүпберилип, үстүртөнремонтиштерижүргүзүлдү.Мектеп 1965-жылы курулуп, азыркы учурда капиталдык ремонтту талап кылып турат. 2015-жылдын биринчи кварталында жаңы мектеп курууга долбоору түзүлүп бүткөрүлдү жана долбоорду ишке ашырууга аракеттер көрүлүүдө. БүткүлДүйнөлүказык-түлүкуюмутарабынанпроектиннегизиндекиргизилген 1-4-класстардаыссыктамакберилүүдө.2015-жылда ЮНИСЕФтин “Мектеп-келечекке жаркын жол” долбоорунун алкагында эки мектеп теңбардыкбалдардыжалпы орто билим берүүгөжанажалпыгамилдеттүүбилимгеээболууларыүчүнбалдардынмектепкетуруктуубаруусункамсызкылуубоюнча семинар-тренингдер өтүлүпжататжанаушулжыличиндепроектиннегизинде 60 000 сомдукжардамдар берилди . 3 аз камсыз болгон үй-бүлөгө кара мал сатып берилди.
2015-жылда 270 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык паспорттор түзүлгон.Райондук калкты ишке жайгаштыруу борбору менен биргеликте 30 жумушсуздар коомдук жумуштарга тартылып , убактылуу жумуш орду менен камсыз болушту. Найман айыл өкмөтүндө 116-пенсионер, 48 пособия , 29- соц.пособие, 11 жөлөк пул алуучулар бар. Алар пенсия, пособиелерин оз убагында алып жатышат, бул багытта элдин арасында эч кандай нараазычылык жок.Айылда пособие алуучулардын арасында пособие чегерүү боюнча комиссияга нараазычылыгын билдирип келген тургундар кездешет.Арызданып келгендерге түшүндүрүү иштери убагында жүргүзүлөт.
Найман айыл өкмөтүндө катталган жарандардын арыз-даттанууларынын жалпы саны – 511. Анын ичинен оозеки кайрылгандардын саны- 495, жазуу түрүндө – 16.Жер маселелери боюнча -6, материалдык жардам сурап кайрылгандар – 4 жана ар түрдүү маселелер менен кайрылгандар – арызды түзөт. Катталган бардык арыздар каралып, жеринде барып акт түзүлүп, арыз ээлерине жазуу ,оозеки түрүндө билдирүүлөр берилди.
Найман айыл өкмөтүндөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири таза суу маселеси. «Найман-таза- суу» СООППВ нын жардамы менен 2015-жылда Найман айылында жогорку деңгээлде жумуштар аткарылды.Борбордук Суу Альянсы колдоосу менен 2015-жылда 600 ,0 миң сомдук долбоор ишке ашырылып, переулокторго жана Жаңы Конуш, Маданият,Келечек, Бакча көчөлөрүнө суу өлчөөчү счетчиктер орнотулуп , таза суу жеткирилип, элдин 70 пайызы таза суу менен камсыз болду. Таза суу боюнча тендерден утуп алган ишкананын күнөөсү менен долбоор аягына чейин бүтпөй Ынтымак көчөсүнө тартылуучу 350 м суу түтүктөрү жаткырылбай калды.Буйурса жаңы тендерден утуп алган ишкана менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү,эми 2016-жылда долбоор аягына жеткирилет деп үмүттөнүп жатабыз .
2015-жыл ичинде элдин маданий эс алуусуна түрткү берүү максатында ар түрдүү майрамдык кечелер уюштурулуп, өткөрүлдү.
Ошондой эле райондук аялдар кеңешинин уюштуруусу менен Найман айыл өкмөтүндө райондук деңгээлде семинар өткөрүлүп, айыл өкмөтүндө аялдар тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар жайылтылды.
Айыл өкмөттөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө курбан айт майрамында Мухаммед ажынын жардамында колдоо көрсөтүлдү жана атасы жок балдарга кийим кечелер берилди.
2016-жыл ичинде да аткара турган иштер аябай көп, бул үчүн болгон аракеттерди көрүп, аткарууга алууга аракеттенебиз.Атап кетсем:
-«Улуу Тоо» толук эмес орто мектебин жаңыдан 100 орундуу кылып салдыруу;
-Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү;
-Эки этаждуу бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү;
-кичи базарды аягына чейин бүткөрүү;
-таза суу менен камсыздоону 100 пайызга жеткирүү;
-балык чарбачылыгын өнүктүрүүнү колго алуу;
-парктын ичин калыбына келтирүү;
-күнөсканаларды курууну колго алуу ж.б жумуштарды аткарууну колго алууну пландаштырып жатабыз.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы | Р. Шамаева |