СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 10-февралы № 1
Сейдикум айыл өкмөтүнүн тургуну Милициянын майору маркум Сулайманов Мыктыбек Жусупович жөнүндө
1. 2010-жылдагы коогаланда өз милдетин аткаруу учурунда каза болгон Сейдикум айыл аймагынын тургуну милициянын майору Сулайманов Мыктыбек Жусуповичтин атын Сейдикум аймактык милиция бөлүмчөсүнө коюп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А. Куланбаевдин катын угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдыгы коогаланда өз милдетин аткаруу учурунда каза болгон Сейдикум айыл аймагынын тургуну милициянын майору Сулайманов Мыктыбек Жусуповичтин аты Сейдикум аймактык милиция бөлүмчөсүнө коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сатаркуловко милдеттендирилсин
Төрага | Э. Досов |