Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 3
Сейдикум айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө
“Сейдикум айылдык кеңешинин токтомдорун кабыл алынуусу тууралуу” Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын 22.07.2013-жылдагы № 342/03-7 сунушу жөнүндө Сейдикум айылдык кеңештинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Ирисовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айылдык кеңешинин токтомдорунун кабыл алынуусу тууралуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовдун маалыматы эске алынсын.
2. “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” жобосуна ылайык, Сейдикум айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жуктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Сатаровко жүктөлсүн.
Төрага | Э. Досов |