Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-майы № 2
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2014-жылга аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы М. Эргешовдун 2014-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык еңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2014-жыл ичинде иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетине, чек араларды тактап, ижара акысын толук өндүрүү боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Жайыттарды деградациядан сактоо максатында, малдын санынан са-патына өтүү боюнча иш алып барылсын
4. Алыскы жайытты тактап, көзөмөл кылып келүү өнөр жай, транспорт курулуш агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. 2015-жылга жайыт комитетинин иш планы бекитилсин жана иш-план боюнча иш алып баруу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Сатаровко милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Досов |