Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-майы № 7
Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын жашоочуларынын ички көчөлөрүнүн бирине маркум Полотов Абдыкадырдын атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын ички көчөсү Кушбаков Адыл көчөсүнүн акырынан, Мырзаев Атабектин үйүнө чейин маркум Полотов Абдыкадырдын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, аты коюлган атуулдун туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Досов |