Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-майы № 9
Сейдикум айыл аймагынын Жаш-Ленин, Аркалык айылдарынын айыл башчысы М. Мамажановдун кайрылуусу жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Жаш-Ленин, Аркалык айылдарынын айыл башчысы М. Мамажановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасында жайланышкан эски мал сарайдын ордуна А. Кыямидинов жана М. Сулаймановдорго турак жай салуу үчүн жер ажыратып берүү жагын, Айыл өкмөтү, турак жай жөнүндөгү мыйзамга таянып, чечип берүүсү милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р. Сатаровко милдеттендирилсин
Төрага | Э. Досов |