Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 2
Сейдикум айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин арызы жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Эргешовтун арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы М. Эргешовдун арызын Сейдикум айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына, Айыл Өкмөт менен биргеликте, иликтөө үчүн комиссия түзүп, чечип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р. Сатаровко милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Досов |