Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 1
Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен электр энергиясы үчүн каралган акча каражатын керектүү статьяга жылдыруу жөнүндөгү К. Абдыкадыровтун билдирүүсү
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы 2015-жылга сметада электр энергиясы үчүн акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган IV кварталда электр энергиясы үчүн республикалык бюджеттен 285,2 миң сом акча каражаты каралган,ошол себептүү жергиликтүү бюджеттен электр энергиясы үчүн каралган акча каражатын керектүү статьяларга жылдыруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн келген 285,2миң сом акча каражаты уведомлениенин негизинде сарпталсын.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын сметасында электр энергиясы үчүн жергиликтүү бюджеттен каралган 285,2миң сом акча каражаты керектүү статьяларга жылдырылып сарыпталсын.
3. Токтомдун негизинде, уведомлениенин негизинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Досов |