Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-ноябры № 2
ФЭБ башчысы К.Абдыкадыров жана салык боюнча башкы адис К. Абдуллаевдин 2015-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө
Сейдикум айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Абдыкадыров жана салык боюнча башкы адис К. Абдуллаевдин 2015-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген маалыматын угуп, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Сейдикум айылдык Кеңешинин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын киреше салыгынан 200,0 миң сомду азайтып, сатуудан алынуучу салык-200,0 миң сом, ыктыярдуу патент 70,0 миң сом, мүлк салыгынын 4-тайпасы (транспорт салыгы) 300,0 миң сом, бардыгы болуп 570,0 сомго кошумча план киргизилип берилсин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бекитип берүү жагы суралсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровко жана салык боюнча башкы адис К. Абдуллаевтерге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Ирисовко милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Досов |