Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 26/1
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагына Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Отуз -Адыр насостук станциясын өткөрүп берүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн элдик жыйын жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагына Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Отуз- Адыр насостук станциясын өткөрүп берүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн элдик жыйын жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун сөзүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5 - шайланган кезексиз 26 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагына Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Отуз- Адыр насостук станциясын өткөрүп берүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн элдик жыйында айтылган сунуш боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун сөзү жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин суу чарба жана мелирация департаментинин карамагына Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Отуз- Адыр насостук станциясын өткөрүп алуу жагы сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |