Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 27/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү айыл башчылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү айыл башчылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Соороновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 27-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү айыл башчылары тарабынан бир топ уюшкандыкта иштер аткарылгандыгына карабастан кемчилдиктер кетирилгендиги да белгиленсин.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү айыл башчылардын эл менен тыгыз иш алып баруу жагын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
төрага | З. Эрматов |