Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 27/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин жана ветеринардык адистин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин жана ветеринардык адистин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Соороновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 27-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин торагасы Ш. Бакмаматовдун аткарып жаткан иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ш. Бакмаматовго милдеттендирилсин.
3. Ветеринардык адистин аткарып жаткан иштеринин аткарылгандыгына карабастан кемчилдиктер кетирилгендиги да белгиленсин.
4. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарында малдарды эмдөө, ит мышыктарды аттырууну өз мезгилинде аткаруу жагы Сибирь жарасынын очогун ар бир алты айда дезинфекциялоону жүргүзүү ветеринардык адис Шайинбек уулу Динмуханбетке жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |