Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 8
Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылындагы эс алуу паркына социалдык обьект куруу жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган, Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн 23.06.2006-жылдагы № 52 чечими менен Актатыр айылынын, К. Осмоналиев көчөсүндөгү эс алуу паркына социалдык обьект куруу үчүн, Актатыр айылдык ден соолук комитетинин коомдук бирикмесинин 18.02.2016-жылдагы арызын карап, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы угуп-жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган, Актатыр айылындагы, К. Осмоналиев көчөсүндөгү эс алуу паркына социалдык обьект курууга жер тилкесин чечип берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |
ң