Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 1
Чаек айылдык кеңешинин сессиясын 2016-жылдын 7-майына жылдыруу жөнүндө
Чаек айылдык кеңешинин сессиясына келбеген 9-депутаттын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 7-майына жылдыруу жөнүндө Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кенешинин сессиясы 2016-жылдын 7-майына саат 15-00 гө жылдырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | З. Бозбалаев |