Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-сентябры № 3
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 105 сандуу буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун 2015-жылдын 20-августунда кабыл алган чечимин бекитип берүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 105 сандуу буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун 2015-жылдын 20-августунда кабыл алган чечимин окуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 105 сандуу буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун 2015-жылдын 20-августунда кабыл алган чечими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К. Сатыбаев |