Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-сентябры № 5
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Орозбаеванын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Орозбаеванын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү статьялардан башка статьяларга акча каражатын которуп иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин аппарат бөлүмүнүн 3112 статьясынан 30400 (отуз миң төрт жүз) сом кыскартылып, аппарат бөлүмүнүн 2221 статьясына которуп иштетүүгө, ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 130 800 (бир жүз отуз миң сегиз жүз) сом кыскартылып, билим берүү бөлүмүнүн 2221 статьясына 40 000 (кырк миң) сом, 2222 статьясына 90 800 (токсон миң сегиз жүз) сом акча каражаты IV кварталга которуп иштетүүгө уруксат берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Сатыбаев |