Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Орозбаеванын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Орозбаеванын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгында салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн акча каражатын статьялар боюнча иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн 541,5 (беш жүз кырк бир миң беш жүз) сом акча каражатын төмөндөгүдөй статьяларга бөлүп иштетүүгө уруксат берилсин:
1. Аппарат бөлүмүнүн 2211статьясына 16,0 миң сом,
2215 статьясына 60,0 миң сом,
2221 статьясына 41,5 миң сом.
2. ЖКХ бөлүмүнүн 2215 статьясына 22,5 миң сом,
3111 статьясына 182,5 миң сом.
3. Маданият бөлүмүнүн 2215 статьясына 50,0 миң сом.
4 .Билим берүү бөлүмүнүн 2213 статьясына 60,0 миң сом,
2221 статьясына 100,0 миң сом.
5. Соцкоргоо бөлүмүнүн 2215 статьясына 9,0 миң сом.
Жалпысы: 541,5 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Сатыбаев |