Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-октябры № 2
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Орозбаеванын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Орозбаеванын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү статьялардан башка статьяларга акча каражатын которуп иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин аппарат бөлүмүнүн 2232 статьясынан 23 700 (жыйырма үч миң жети жүз) сом, ушул эле бөлүмдүн 2224 статьясынан 6 600 (алты миң алты жүз) сом, маданият бөлүмүнүн 2232 статьясынан 3 000 (үч миң) сом, билим берүү бөлүмүнүн 2232 статьясынан 34 400 (отуз төрт миң төрт жүз) сом, ушул эле бөлүмдүн 2231 статьясынан 15 000 (он беш миң) сом, бала бакча бөлүмүнүн 2232 статьясынан 9 600 (тогуз миң алты жүз) сом кыскартылып, билим берүү бөлүмүнүн 3111 статьясына 85 700 (сексен беш миң жети жүз) сом, ушул эле бөлүмдүн 3112 статьясына 6 600 (алты миң алты жүз) сом акча каражаты IV кварталга которуп иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Сатыбаев |