Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 1
«Акман айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Акман айылдык кеңешинин төрагасы Т. Жолдошовдун жана туруктуу комиссиялардын төрагалары К. Таштанов, М. Ажиматов,К. Боронбаева жана А. Сариевдердин 2016-жылга карата Акман айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарын угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кеңешинин 2016-жылга иш планы бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык).
2. Бюджет,каржы,муниципиалдык менчик,инвестиция,ишкердик кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга иштеп чыккан иш планы бекитилсин. (№ 2 тиркемеге ылайык).
3. Мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо,коммуникациялар жана архитектура,курулуш,транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга иштеп чыккан иш планы бекитилсин. (№ 3 тиркемеге ылайык).
4. Социалдык саясат,регламент,депуаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясынын 2016-жылга иштеп чыккан иш планы бекитилсин. (№ 4 тиркемеге ылайык).
5. Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология,маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга иштеп чыккан иш планы бекитилсин. (№ 5 тиркемеге ылайык).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Сопуевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |