Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 13
“Акман айылдык кенешинин 15.04.2015-жылдагы № 61 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаты М. Ажыматовдун корутундусун жана депутат Ш. Калыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын 15.04.2015-жыл № 61 токтому менен 15.04.2015-жылдагы сессиянын протоколунда сунушталган депутаттарынын аты жөнү жана саны дал келбегендиктен (1) биринчи пункту жокко чыгарылсын.
2. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамына беш адамдан турган курамда төмөндөгү депутаттар сунушталсын.
1.К. Карабеков депутат
2.К. Карабев депутат
3.А. Осоркулов депутат
4.К. Сопуев депутат
5.Ш. Калыков депутат.
3. Сунушталган депутаттар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясына сунушталсын.
4. Акман жайыт пайцдалануучулар бирикмесинин торагасын шайлоо Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясында каралсын.
5. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясын тез арада уюштуруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А. Атакуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык кенешинин социалдык саясат,этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т.Р. Жолдошов |