Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 14
“Датка” подстанциясынын пайдаланган таза суусунун баасын бекитүү жөнүндө
Акман айыл аймагынын “Акман таза суу” суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Кулмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагындагы “Акман таза суу” суусунан пайдаланган 1м куб суу үчүн суунун баасы 61 сом 26,7 тыйын болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы А. Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары К. Сопуевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |