Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 18
«Анармамат уулу Майсалбектин арызын канааттандыруу жөнүндө»
Акман айылдык кенешинин торагасы Т. Жолдошовдун билдируусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жараке айылынын тургуну Эргешов Анармаматтын турак жайы 2002-жылдагы системалык каттоого кирбей калгандыгына негиз Эргешов Анармаматтын каза болгондугуна байланыштуу турак жайын баласы Анармамат уулу Майсалбекке мыйзамдаштырып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы А. Атакуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К. Сопуевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |