Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апорели № 19
“Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө”
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 02-9/362 сандуу сунушуна негиз Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” № 286-ПЖ Жарлыгын жана Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн 2016-жыл 18-январындагы № 2-б токтомун турмушка ашыруу алкагында Кыргыз элинин тарыхын,улуттук маданиятты андан ары өнүктүрүү,тарыхый мурастарды сактоо,изилдөө жана турмушка ашыруу максатында Кыргыз элинин таланттуу ырчысы,баатыр эне Гүлнара Кахаровага Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |