Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 24
“Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө”
Акман айылдык кенешинин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана айылдык кенештин депутаттарынын сунушуна негиз Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын социалдык–экономикасын көтөрүүдө кошкон салымы,көп жылдык эмгегин жана айылга инвестиция тартып келүүдө коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү айыл аймагынын атуулдарына 2016-жылдын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөндөгү атуулдарга Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
-Кулмолдоев Апсамат Жаныакман айылынын аксакалы
-Мергенбаев Жакып Жараке айылы.Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери.
-Маматкулов Аттокур Кошкоргон айылы,ишкер
-Арыкбаев Курманбек Кайырма айылы,айылдык кенештин депутаты
-Исакова Анар Колот айылы,”Раяна” балдар бакчасынын башчысы
-Абжапаров Шүкүр Жараке айылы,айылдык кенештин депутаты
-Пусурманов Осмали Асанбаевич Колот айылы,айылдык кенештин депутаты
-Таштанов Курстан Эсеналиевич Кошкоргон айылы,айылдык кенештин депутаты
-Матраимов Арстанбек Жараке айылы,№6 Осмонов мектебинин мугалими
-Шайдилдаева Кундузкан Сатыбалдиевна Кайырма айылы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
-Ажыматов Мамытбек Исманович Колот айылы,айылддык кенештин депутаты.
-Мондошов Насыр Жаныакман айылынын акскалы.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |