Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 27
"Акман айылдык кенешинин депутаттары жөнүндө"
Акман айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы Кыргыз Республикасынын № 101 мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктуна, 2000-жылдын 13-январындагы № 3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” 3-беренесине, 2014-жылдын 25-февралындагы Акман айылдык кеңешинин регламентинин 16-беренесинин 11-пунктуна ылайык Акман айылдык кенешинин сессияларына себепсиз 6 жолудан ашык катышпаган Акман айылдык кеңешинин депутаттары Маматкулов Акылбек Абдраимович,Залимбеков Кубаныч Карабаевичтин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.Р. Жолдошов |