Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-январы № 1
Сейдикум айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдан калган акча каражаттын 2016-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2015-жылда калган 1437. 3 миң сом акча каражатын жана атайын каражаттан калган 35.0 миң сом түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2015-жылда калган 1437.3 миң сом акча каражаты бар экендиги белгиленсин.
2. 2015-жылда калган 1437.3 миң сом төмөнкү чыгымдарга жумшалсын 70111разделдин 2215 статьясына 231.3 миң сом, 70111 разделдин 3111 статьясына 1027.0 миң сом, 70111 разделдин 3112 статьясына 35.0 миң сом
3. Атайын каражаттан калган калдык 35.0 миң сом акча каражаты 70911 разделдин 2218 статьясына сарпталсын.
4. Айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаттарын райондук регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетүү ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңешитин бюджет боюнча труктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Э. Досов |